Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Жогорку бийлик кызмат ордун эңсеген талапкерлердин ысымы четинен аталып, алар БШКга арыздарын бере баштады. Айрымдар өздөрүн көрсөтүп чыгышса, дагы бир саясий партиялардын катарынан расмий көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, президент болууну эңсегендерге да талаптар бар, алар 30 миңден кем эмес кол топтоосу керек.
Шайлоо күрөөсү боюнча документти, президенттик талапкерликке көрсөтүу тууралуу саясий партиянын курултайынын чечими же өзүн –өзү көрсөтүү тууралуу арызын БШКга тапшырышы керек. Мурда талапкер мамлекеттик тил боюнча атайын сынактан өтүп келген болсо, эми кыргыз тили боюнча тест тапшырат. Талапкерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт. Күрөө 1 миллион сомду түзөт.
Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"