Саясат

Атамбаев: Бүгүнкү чечимди тарыхый деп атоого болот image

5 Июль, 2016 3256

“Бүгүнкү чечимди тарыхый деп атоого болот”-деген пикирин президент Алмазбек Атамбаев 4-июлда Коргоо кеңешинин кезектеги отурумунда билдирди. 

Мамлекет башчы жыйында Коргоо кеңешинин өлкөнүн укук коргоо органдар системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин жактырып, кабыл алынган чечимдер өлкө экономикасын өнүктүрүүгө түрткү бериши керек деп белгиледи. Кеңештин чечими менен ИИМде, УКМК, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматында бир топ өзгөрүүлөр болду.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топ Кыргызстандагы тартип коргоо органдарын реформалоого салым кошууну максат кылат.

С. Идирисов, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ad