Билим

Кыргызстанда окуу жылы салттуу режимде башталат image

26 Авг, 2021 5375

Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери 15-сентябрдан кадимки режимде иштеп баштайт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 25-августтагы жыйынында кабыл алынды.

Жыйында билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев 2021-2022-жаңы окуу жылында мектептер бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен иштерин билдирди. Анын айтымында, окуу башталганга чейин билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 70% эмдөө пландалып жатат. Учурда мугалимдердин 55,8% COVID-19га каршы эмделди.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыркы окуу жылы 1-класстан башка класстарга онлайн башталган. 1-чейректен кийин 1-4-9-11-класстарга, ал эми жашыл аймактагы мектептерге бардык класстарга салттуу окутууга уруксат берилген.

Эксперттер онлайн окуу балдардын билим алуусунун сапатына терс таасирин тийгизгенин белгилешүүдө. Өлкө боюнча 2310 мектеп бар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ad