Спорт

Орто Азия чемпионатынан байгелүү кайткан волейболчулар сыйланды image Фото: gov.kg

30 Авг, 2021 3488

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Орто Азия чемпионатынын байгелүү орундарына ээ болушкан өлкөнүн волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү менен жолукту.

Улукбек Марипов спортчуларды жакшы жыйынтык менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт, спортто жана жашоодо чоң жеңиштерди каалады."Волейболчулардын мыкты чеберчилиги жана жакшы оюну, машыктыруучулардын профессионалдуулугу командага волейбол биздин өлкөдө тез өнүгүп жатканын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берди. Мен ар бир спортчуга кооз жана адилеттүү спорттук күрөш үчүн, жаркын жеңиш үчүн, өлкө менен сыймыктануу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк үчүн рахмат айткым келет. Силер күйөрмандарга чыныгы майрам тартууладыңыздар. Бул жеңиш дүйнөлүк аренада дагы жакшы жыйынтыктардын башталышы болот деп ишенем", – деп Министрлер Кабинетинин башчысы айтып, спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды. 

Белгилей кетсек, жолугушуу Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак - экинчи этап” жаңы паркынын ачылышынын алкагында өттү.Отметим, встреча состоялась в рамках открытия нового парка в южной части города Бишкек «Ынтымак–2». Улукбек Марипов жаңы парк менен таанышып, эс алуучулар менен баарлашты. Маалымат үчүн: Ушул жылдын 14-24-августунда Өзбекстан Республикасында өткөн волейбол боюнча Орто Азия чемпионатында өлкөнүн эркектер командасы күмүш, аялдар командасы коло медалга ээ болушту.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ad