Кырсык

Элчилик ооруканадагы үч адамдын абалы боюнча маалымат берди image Фото: www

22 Авг, 2022 427

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Ульяновск облусундагы кырсыктан жапа чеккен үч адамдын абалы боюнча маалымат берди. Билдирмеге караганда, жабыркагандар Ульяновск облустук ооруканасына жаткырылган. 

21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч адам оор абалда ооруканага жеткирилген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз