Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий эл аралык турнирде коло медаль тагынды.
Мелдеш Чеченстандын борбору Грозный шаарында орун алды.
Мекендешибиз Россия, Беларустан келген спортчуларды жеңип жарым финалга чыккан.
Бирок финалга чыгуу үчүн кармашта Санкт-Петербургтан келген дзюдочу Антоном Кривобоковго утулуп калды.
Ал эми коло үчүн кармашта дагы бир россиялык спортчу Артур Хавпецти утуп медаль тагынды.