Дзюдо боюнча Чеченстанда өткөн эл аралык турнирде Отар Бестаев алтын медаль тагынды.
Ал жарым финалга чыгуу үчүн Россия жана Армения спортчуларын утту.
Ал эми алтын үчүн кармашта Дүйнө чемпиону монголиялык Амратушвин Дашдаваны жеңип, 1-орунду камсыздады.
Кошумчалай кетсек, дзюдо боюнча эл аралык мелдеш Чеченстандын борбору Грозный шаарында Хусейн Исаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлдү.