Былтыр Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү 90%га чейин көбөйтүлдү.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 11 айы үчүн Социалдык фондго пенсиялык камсыздоого байланыштуу чыгымдарды каржылоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууга республикалык бюджеттен 30 млрд сомго чукул каражат бөлүнгөн.
Былтыр пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулатылды.