Саясат

Азия Ньюс: Дональд Трамптын жеңиши Орто Азияга эмне алып келет? image

17 Нояб, 2016 3196

Текебаевдин “каман жүрүшү” кайда алпарат деген теманы коюп бүгүн Азия Ньюс жаңы санын тартуулады.Бул тема гезиттин экинчи бетинде “малайлар” отко май куйганда деген аталышта уланат. 

Андан ары кечээ таң эрте Твиттер соцтармагынан “Ислам мамлекети”террордук уюмдун мүчөсү Муслим деген неме КРнын президенти Алмазбек Атамбаевди өлтүрөм” деген твит  (жарыя) кылган. Ошол замат социалдык армакта кабар желдей тарап, азыркы учурда талкуу болуп жатат деп, аттуу баштуу саясатчыларга, коомдук ишмерлерге “Президентке коркутуу болуп жатканы  мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирбейби? Мамлекет тарабынан кандай иш чараларды кылса болот? деген суроону  бүгүн Азия Ньюс узаткан. Бул суроого жоопторду  Президентке кол салуу-мамлекетке кол салууга барабар деген аталышта тааныша аласыз.  Анда экс премьер министр Темир Сариев –биздин президент мыйзам негизинде атайын кызмат тарабынан кайтарылат.  Коркунуч болсо, иликтеп, коргонуу жагын күчөтүү керек деп, күчөтүү менен эле чектелип калбай  коркуткан адамды тез аранын ичинде табуу зарыл экендигин, президентке кол салуу үчүн шымаланып, “өлтүрөм” деген эргулдун ким экенин, кайда жүргөнүн тез аранын ичинде иликтеп, колдон келсе таап келип камаш керектигин белгилеп, президенткке кол салуу мамлекетке кол салууга барабар деген пикири менен бөлүшкөн. 

Ал эми генерал майор Артур Медетбеков өзүн Муслим деп атаган адам Кыргызстандын мамлекет башчысына карата айткан коркутуу сөздөрү жеке эле президентке эмес, өлкөгө болгон коркутуу катары иделогиялык таасирин бере турган  кыянаттык иш деп баалап,  ошол үчүн Кыргызстандын президенти кандай болбосун ал кыргыз ажосу, кыргыз уулу экенин мойнубузга алып, бир жакадан баш чыгарып иштешибиз керек деген оюн билдирсе,  ушундай эле ойду экс министр Аликбек Жекшенкулов улап, бул жарыя баарыбызга тиешелүү, эгер Кыргызстан эгемендүү, эркин жана стабилдүү мамлекет болсун десек, биз президентти, Конституцияны, желекти, гербди, гимнди коргошубуз абзел.Күч органдары болсо терроризм, экстремизм менен натыйжалуу жоопкерчиликте күрөшкөнгө даяр болуп туруусу шарт деп белгилеген.

Өкмөткө айтаар ачуу сөздү депутат Мыктыбек Абдылдаев айтты деп, Азия Ньюс тармактык комитетте региондогу элдин жашоосуна көңүү бурууга чакырган  депутаттын сөзүн “Джиптерден түшүп, ниваларга отургула” деген аталышта батырды. Андан ары барактайлы. КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмуркулов “Диктатура болсо, Текебаев парламенттен сүйлөбөй калмак” деген аталышта маек курган. Кечээ күнкү ЖКнын жыйынында Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин өлкө президентине карата айткан бир топ сын пикирлерине  Иса Өмуркуловдун кайчы  пикирин жарыялаган. Анда  эч ким диктатура кылбаганын бүгүнкү сайттардын, бүгүнкү гезиттердин бири да куугунтукка алынбай эле турганын, эгер бүгүнкү бийликти күнөөлөп атса,  анда ошол Конституция туура эмес да деп,  президенттин жеке өзүнө ыксыз каралоону айтыш маданияттуулукка жатпасын белгилеген. 

Мегакомго байланыштуу маселеге да токтолуп, буга чейин эле өкмөттүн сунушу менен депутаттык комиссия түзүлгөнүн депутаттык комиссия убактылуу өкмөттүн декретин четке кагып, баарын өзү иликтеп анын курамына Ата Мекенден бир депутат киргенин,  комиссия сунуштап ошондогу спикер Келдибеков токтом менен бекиткенин эске салат да буга Атамбаевдин тиешеси жок деген бир топ аргументтерин келтирген. Толугураак таанышып алыңыз. “Алмазбек Шаршенович президенттик шайлоону таза өткөрүүгө кызыкдар”- деп бүгүн  Азия Ньюска Республика- Ата журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов кенен маек курган. Ошондой эле бул сандан экс депутат Муратбек Мукашевдин “Өлкөбүздө дефольт болуп кетүү коркунучу бар дегенин, Чыныбайга партиялаштары да нааразы болуп жатканын, Канат мырзаны каралап, Назира Ахмедованын жанына күч келгенде дегенди, Койкоңдосо эле көйгөй чечилмек беле же Лунара Мамытова дегенди окуй аласыздар. Геосаясаттан да кызыктуу пикирлер бар. Дональд Трамптын жеңиши Орто Азияга эмне алып келет? деген аталышта Борбордук Азиянын серепчилеринин пикири басылган. Кызыктуу экен карап өтүңүз. Эми баяныбызды Политклиника менен улайлы.

 Политклиника да “Белиз гейт” “ Матрешка гейттин” экинчисиби деген теманы койду. Бул макала кечээ күнкү ЖКнын жыйынан алынып даярдалган. Ошондой эле бул сан Бөтөн элде султан болгон Бакиевди, Лунара Мамытова Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болгонун, УКМК Атамбаевди өлтүрөөрүн айтып коркуткан твиттерчинин ким экенин аныктап жатканын, Исаев менен президенттик аппараттын кармашын, Трамп менен Путиндин телефондон сүйлөшкөнүн, Темир Сариевдин президенттик шайлоого даярдыкты баштаганын, курттаган ун боюнча комиссия чечимин чыгарганын алгачкы бетинде жазды.  Андан ары Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Бизде Конституция сынды, элита сынды деген аталышта алынган маегин басты. Коомчулуктун же шаар тургундарынын үнү шаар бийлигине жетер бекен деп бүгүнкү Политклиника шаар бийлиги шаардыктар сейилдегенге алакандай жашыл жер калтырып коюшса не болот деген тилегин  эки беттен турган борбордун жашоочуларынын пикири менен жарыялады. Анда курулуштардан жер тарып бара жатканына жүйөлүү ойлор айтылган.

Де-факто да Безге сайган “Белизгейт" деген теманын алдында жарык көрдү. Барактайлы. Карынын кебин кепке сал деп бүгүнкү Де-Факто мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкуловдон “Оппозициянын туура ой пикирлерин биздин бийлик уга билиш керек” деген аталышта маектешкен. Андан ары Калыстыкты туу туткан Жанар Акаев дегенди, Республика менен Ата Журт биротоло ажырашты, биригп бүтпөгөн оппозия, кызматтын баарын Каршевдер ээлейби, мыктылыгын көрсөткөн Мыктыбек Абдылдаев  Мискенбаев ичип кеттиби, Жолтандабас тандаган жолдуу мэр  же Айтамамат Кадырбаев дегенди окуй аласыздар. Ошондой эле быйыл элден канча салык чогулган деген эсеп чоттон да бүгүн Дефакто кабардар кылат. Кендир уну ден соолукка пайдалуубу? андан да кабардар болуңуз.  

 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз