Милициянын катарын “погончон кубулмалардан” тазалоо ишин күчөтүүнү, кылмыштуулук менен менен күрөштү активдештирүүнү президент ИИМдин жетекчисинин кабыл алып жатып белгиледи. Өлкө башчысынын тапшырмасы кантип ишке ашат? Ишке ашыруунун жолдору барбы? Күч түзүмдөрүнүн эрки жетеби? Погонду булгагандар аёосуз жазаланабы?
Уктурууга Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары, экономикалык илимдеринин кандидаты Ялкун Даутов, Ички Иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Өмураалы Сегизбаев, Аталган мекеменинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"