Аллергия - бул адамдын иммундук системасын козгой турган абдан кеңири таралган оорулардын бири. Аллергия деген сөз грек тилинен алынып, "аллос" - бөлөк, чоочун, "эрон" - кыймыл дегенди билдирет.
Кээ бир адамдар белгилүү бир өсүмдүктөргө же болбосо кандайдыр бир тамак-ашты колдонууда, ал эмес абадагы ар кандай заттарга өтө сезимтал келишет. Мындай сезимталдуулук адамдын организмин жабыркаткан - бөрү жатыш, чөп безгеги, диарея, ашказан спазмасы жана өтө олуттуу түргө айланганы-астма сыяктуу оорулардын себепкери болуп саналат.
Организмдин мындай реакциясын "аллергия" деп атоого болот. Кыскасы, сырткы чөйрөнүн ар кандай агенттеринин таасирине болгон организмдин жогорку сезгичтиги аллергия менен мүнөздөлөт.