Коронавирус

Кыргызстанда 23-декабрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды image Фото: www

23 Дек, 2021 1247

Кыргызстанда акыркы суткада 37 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 13, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 42 адам илдеттен сакайып чыкты. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 299 бейтап, амбулатордук түрдө 343 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 356 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 179 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 788 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз