Коронавирус

Соңку бир суткада Кыргызстандын аймагында дагы 152 адамдан коронавирус аныкталды image Фото: www

5 Янв, 2022 585

Соңку бир суткада Кыргызстандын аймагында дагы 152 адамдан коронавирус аныкталып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 112, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 11, Ош шаарында – 10, Жалал-Абад облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 3 адамдан илдет табылды. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 185 миң 031 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын ичичнен 180 миң 050 киши сакайган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз