Өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталды.
Бүгүн 465 адам вирусту жуктуруп, буга чейинки жургүзүлгөн лабораториялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында эки адамдан "омикрон" штаммы аныкталды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев расмий маалымат берди. Ооругандар өзгөчө Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталууда.