Коронавирус

Аймактарда коронавирустун алдын алуу чаралары image

14 Янв, 2022 426

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Талас облусуна жасаган иш cапарында коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. 

Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана оорунун алдын алуу, дарылоо боюнча аймактардагы даярдык иштери талкууланды. Жыйында айтылгандай, чектөөлөр азырынча киргизилбейт, ошентсе да ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн кам көрүп, эмдөөдөн өтүп, эл көп топтолгон жайлардан оолак болуп, санитардык эрежелерди сактоосу керек. Бул боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы эскертилди. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов белгилегендей, мектептерде окууларды онлайн форматка өткөрүү маселеси абал өтө курчуп кетсе гана каралышы керек. 

Талас облусу башка аймактарга салыштырмалуу эмдөө көрсөткүчтөрү боюнча алдыңкы орунда турат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз