Коронавирус

Кыргызстанда 14-январга карата коронавирус 586 адамдан аныкталды image

14 Янв, 2022 535

Кыргызстанда 14-январга карата коронавирус 586 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир суткада вакцинанын биринчи дозасын 7 миң 517, экинчисин 3 миң 494 адам алды. Өлкө аймагында жалпы 1 млн 258 миң 477 адам эмделсе, экинчи дозаны 1 млн 51 миң 159 жаран алды.

“2020-жылдын март айынан бери медкызматкерлердин 81 пайызы, билим берүү кызматкерлеринин 78,9 пайызы, 60 жаштан жогору курактагы жарандардын 31,5 пайызы эмделди. Жарандардын 70 пайызы вакцина алгандан кийин гана жамааттык иммунитет түзүлөт”, - дейт ал. 

Акматова вакцинаны активдүү алгандар Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош облустарында байкалып жатканын айтат. 

“Бул аймактарда калктын болжол менен 70 пайызы эмделди. Ал эми Баткен, Чүй жана Бишкекте вакцина алгандар аз болууда. Эскерте кетсем, Бишкек коронавирустун жайылышы боюнча “кызыл тилкеге” кирди”, - деди ал. 

Коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы жарандарды вакцина алууга чакырып, учурда эмдөө бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, 868 эмдөө пунктарында жана кошумча ачылган 123 пунктта жүрүп жатканын кошумчалады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз