Чүй облусунда той, куран окутуу жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Кафе-ресторандардагы санитардык нормалардын сакталышы боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.
Штабдын билдирүүсүнө ылайык, мындай кадамдар калктын саламаттыгы үчүн кабыл алынууда. Соңку аптада COVID-19 оорусунун көбөйүшү боюнча эң оор абал Чүй, Панфилов, Жайыл жана Кемин райондорунда байкалды.
Чектөөлөр Чүй облустук штаб тарабынан кабыл алынды. Талаптар буга чейин иштелип чыккан алгоритмдин негизинде болмокчу. Кафе-ресторандарга бир эле учурда 50дөн ашык киши чогулганга болбойт. Аралык, бет кап тагынуу эрежеси сакталып, кире бериште колду залалсыздандыруучу каражат, бутту тазалоочу нымдалган килемче төшөлүшү кажет.
Мындай чаралар биринчи кезекте адамдардын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Ушул тапта Чүй облусу вирус жуктургандар боюнча Бишкектен кийинки эле экинчи орунда турат. Алсак, акыркы суткада коронавирус менен 141 адам жаңы катталды.
Чектөөлөр эпидабал жакшырганга чейин уланат. Жарандар калктын саламаттыгы үчүн азырынча той-аштарды өткөрбөө туура чечим экенин айтышууда.
Бүгүнкү күндө Чүй облусу боюнча вирус жуктургандардын саны 29 миң 237 адамга жетти. 453 бейтап илдеттин курмандыгы болду. Эмдөө боюнча айтсак, азыр калктын 38 пайызы вакцинанын биринчи дозасын, экинчи өлчөмүн 31 пайызы алды.