Кыргызстан жаңылыктары

Баткенде министрлер кабинетинин жыйыны өтөт image Фото: www

24 Янв, 2022 625

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Мыйзамды ишке ашыруу боюнча Президенттин тапшырмасына ылайык кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 62 преференциалдык чек ара конуштарынын тизмеси бекитилип, аларга айрым салык, жер, экономикалык жана башка жеңилдиктер берилери айтылды. Арзыбек Кожошев белгилегендей, февраль айынын экинчи жарымында Министрлер Кабинетинин биринчи көчмө жыйыны Баткен облусунда өтөт. "Министрлер Кабинети жеңилдетилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан тышкары, Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан 62 айылынын тургундарынын пенсиясын 2 миң сомго көтөрөт. 

Ошондой эле жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, чек арага жакын жайгашкан 62 айылда жашаган социалдык кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралууда", - деди Арзыбек Кожошев. 15-февралга карата бардык ченемдик-укуктук актылар Министрлер Кабинетинин көчмө жыйынында бекитүү үчүн даяр болушу керектигин кошумчалады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз