Коронавирус

Өлкөдө 25-январга карата коронавирус 412 адамдан аныкталды image Фото: www

25 Янв, 2022 1135

Өлкөдө 25-январга карата коронавирус 412 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 242, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 12 адамдан илдет табылган. 

Ошондой эле бир суткада 511 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 139 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 709 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 196 миң 232 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 184 миң 28 киши айыгып чыкса, 2 миң 854 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз