Коронавирус

COVID-19: Акыркы суткада 274 адам илдеттен айыкса, 3 бейтап каза болду image

11 Фев, 2022 1563

Кыргызстанда 11-февралга карата коронавирус 69 адамдан аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, анын ичинде Бишкек шаарында – 31, Чүй облусунда – 16, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган. 

Акыркы суткада 274 адам илдеттен айыкса, үч бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 585 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 597 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 890 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 232 киши айыгып чыкса, 2 миң 920 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ad