Коронавирус

Кыргызстанда акыркы суткада 12 адамдан коронавирус табылып, 7 бейтап сакайды image

31 Март, 2022 708

Кыргызстанда 31-мартка карата коронавирус 12 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 10, Чүй облусунда - 2 адамдан вирус табылды. Акыркы суткада 7 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгондор катталган жок. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 84 бейтап, амбулатордук түрдө 66 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 935 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 196 миң 213 киши айыгып чыкса, 2 миң 988 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ad