Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирустун жаңы үч учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкекте бир, Чүй облусунда эки жаран ооруга кабылган. Илдеттен бир жаран айыкты.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 63 бейтап, амбулатордук түрдө 24 адам дарыланууда. 38 бейтаптын абалы орто оор, 21и оор жана төртөө өтө оор абалда деп бааланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 304 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.