Кыргызстан жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү image

22 Сент, 2022 695

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти    Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз