Кыргызстан жаңылыктары

Биринчи Элдик Курултай ишин улантууда image

26 Нояб, 2022 1718

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Биринчи Элдик Курултай ишин улантууда. Бүгүн, 26-ноябрда анын ишинин экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашуун делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда.

Делегаттар өздөрүнүн шайлоочулары жолдогон сөздөрүн айтып чыгууда, аймактарды жана айылдарды өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу, коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, чет жерде жашаган кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө байланышкан жана башка коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп жатышат.

Белгилей кетсек, түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларында уланууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз