Кыргызстан жаңылыктары

Троллейбус айдоочулары биринчи жардам көрсөтүүчү дарылар менен камсыздалды image

28 Нояб, 2022 771

Бишкекте троллейбус айдоочулар биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү дарылардын топтому менен камсыздалды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бул комплектте нашатырь спирти, зеленка, бинт, суутектин кошулмасы, жаракат таңуучу материалдар, валерианын эритмеси, кебез, спирттүү майлыктар, гипс, йод жана валидол бар. 

Ошондой эле айдоочулар күн сайын кезмет алмаштыруу алдында медициналык кароодон өтөт. Аларды спирт ичимдиктерине текшерип, кан басымы өлчөнөт. Эгерде нормадан четтөө байкалса же айдоочулар оорунун белгилерин байкаса, сөзсүз түрдө каттамдан чыгарылат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз