Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы

1931

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы 1931-жылдан башталган. Ошол жылы биринчи ирет Кыргыз радиосу обого чыккан. 1926-жылы Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз АССРине айланган. Мындай жагымдуу окуяны Ала-Тоонун аймагындагы жаамы журтка жайылтуу үчүн радиолоштуруу демилгеси башталган. 1927-жылы андай асыл ой ишке ашып, Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин курултайындагы аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун баяндамасы радиотүйүндөр аркылуу элге угузулган.

1938-1945

1938-1941-жылдары радио комитеттин төрагасы болуп Төлөн Шамшиев дайындалган. Улуу Ата Мекендин согуш жылдарында радионун ролу күчөп, Кыргызстандын эң күчтүү маалымат булагына айланган. Экстратов, Курман Кыдырбаева сындуу адамдар жетекчилик кылып, Капар Алиев, Гүлниса Мамбетова, Валентина Гонтарь дикторлук кесиптин устаттары катары таанылган. Белгилүү драматург Токтоболот Абдымомунов акыркы кабарлардын редактору болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы

1945-1964

1945-жылдын 28-мартынан тарта Радиомаалымат жана радиоберүү комитети Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдында кайрадан түзүлгөн. 1949-1953-жылдары Радио комитетти белгилүү драматург жана коомдук ишмер Молдогазы Токобаев жетектеген. 1950-жылдын март айынан тарта шаар, айыл-кыштактарды радиолоштуруу Кыргыз ССРинин Байланыш министрлигинин карамагына өткөндүгүнө байланыштуу Радиомаалымат комитети Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдында түзүлгөн. Ушундай аталыш 1953-жылдын май айына чейин уланган.

1964-1985

1965-жылдын 10-апрелинен тарта Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун №539- жарлыгы менен комитет мамлекеттик деген макамга жетип, Радио жана телеберүү боюнча Кыргыз ССР Министрлер Советинин мамлекеттик комитети деп аталат. 1964-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Радио жана телеберүү комитетинин төрагасы болуп Асанбек Токомбаев дайындалган. Асанбек Токомбаев Кыргызстан телерадиосун 21 жыл башкарган, ал чыгармачылык жамаатты узак мөөнөткө жетектеген жетекчи катары тарыхта калды. 1964-жылдан 1985-жылга чейин залкар инсан 21 жыл бир орунда үзүрлүү эмгектенип, азыркы телерадио корпорациянын жамааты иштеген имаратты, Радио үйүн, Телестудиялык имаратты салдырган. Асанбек Токомбаев КТРК тарыхында ысмын өзгөчө бөлүп айта турган улуу инсан.

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы

1985-2007

Ал эми 1985-1986-жылдары комитеттин жетекчилигине Асанбек Стамов дайындалган. Андан соң 1986-91-жылдары комитет жетекчиси болуп Умтул Орозова иштеген.

1991-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан кийин КТРК Мамлекеттик телерадио агенттиги болуп түзүлүп, анын башчылыгына Сатыбалды Жээнбеков дайындалган. 1992-жылы телерадионун жетекчилигине Түгөлбай Казаков, 1993-жылы Кадыркул Өмүркулов, 1994-жылы Абдиламит Матисаков иштеген. 1993-жылы агенттик кайрадан комитет болуп өзгөртүлгөн. 1995-жылы Кыргыз телевидениесинде таңкы “Замана” студиясы ачылган.

2007-2010

2007-жылы комитеттин башкы директору болуп Мелис Эшимканов дайындалган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадио комитети кайрадан Кыргыз Республикасынын улуттук телерадио корпорациясы деп аталып, 2009-жылы ноябрда корпорациянын башкы директору болуп Кайыргүл Орозбай кызы дайындалган.

2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин корпорациянын жетекчилигине Убактылуу өкмөт тарабынан Кубат Оторбаев дайындалып, корпорация элдин кыйладан бери коюп келген талабы менен Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы болуп өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын президенти ал жарлыкка кол койгон. Ошол жылы жайында КТРК Байкоочу кеңеши шайланган. 15 кишиден турган Байкоочу кеңеш төрагалыкка Эльвира Сариеваны шайлашкан. Корпорациянын жетекчилигине конкурс жарыяланып, 2010-жылдын 3-декабрында Кубат Оторбаев Байкоочу кеңеш тарабынан КТРК башкы директору болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы

2011-2017

2011-жылдын январь айында Байкоочу кеңеш башкы директордун орун басарлыгына Мырзакул Мамбеталиев менен Кайрат Иманалиевди шайлаган жана ошол эле жылы КТРКнын редакциялык саясатын бекитип берген.

C. Жумагулов КТРКнын жаңылыктар кызматын кыйла кеңейтип, Ош студиясын ачып, бир нече телерадио долбоорлорду баштаган. Бирок, ал өз ыктыяры менен кызматынан баш тарткандан кийин Кыргызстандагы эң ири улуттук маалымат каражатынын жетекчилигине Байкоочу кеңештин сунушу менен И. Карыпбеков, 2015-жылдын 19-мартында, онго жакын атаандаштардын арасынан эң арбын добуш алып КТРК баш директору болуп шайланды.