Кант шаарындагы төрөт үйүнүн короосу таштандыдан тазаланбайт. Таштандылар менен кошо иттин өлүгү да жатат. Оорукана болгондон кийин тазалык сакталыш керек эле го. Ишембилик деле өткөрүп тазалап коюшса болмок. Ашканын алдында иттин өлүгү сасып жатат. Эмне текшеришпейт? Тийешелүү органдар чара көрөт деген үмүттөбүз,- дейт "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.