Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жайгашкан ОсОО "Тегене"шахтасы Султанов Капар деген адамга тиешелүү. Булар көмүрдү ундай кылып элеп чыгарып көмүрдүн калдыктарын үйүп элди кыйнап жатышат. Шамал болгондо эл эшикке чыга албай калат. Балдарызбыздын денелеринде аллергия пайда болуп, эшикке чыгып ойной алышпайт. Канча кайрылдык, эч кандай жардам жок болуп турган кез. Ушул көйгөйдү тийиштүү органдар тез арада чечип берүүсүн өтүнөбүз. Канча деген адамдын ден соолугуна зыян келтирип жатат, жайы кышы ушундай көрүнүш көмүрдүн арасында жашагандай эле сезим пайда болот,- дейт "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн автор.