Деңизде 14 ай жашаган балыкчы Хосе Алваренга
Лонгриддер
Деңизде 14 ай жашаган балыкчы Хосе Алваренга

Көпчүлүгүбүз океанда адашкандар, аралда жалгыз жашап калган адамдар тууралуу окуп, тасмаларды да көрсөк керек. Ошол тасмадагы окуялар чыныгы жашоодо дагы кездешип калышы мүмкүн.

Хосе Алваренга аттуу балыкчы, деңизде узак убакытка чейин тамак-аш, азык-түлүксүз жашоону өткөрүп, тасмадагыдай жашоону жон тери менен сезген.

2014-жылдын январь айынын аягында Маршалл аралдарындагы шаарлардын бириндеги жай тургундар жээктен чыккан катуу кыйкырыктан чочулашкан .Үй-бүлөлүү түгөйлөр - Эми Либокмето жана Рассел Лейкедрик – эмне болуп кетти деп чуркап чыгып, капкара болуп күйүп калган адамды көрүшөт. Ал бычак шилтеп, бейтааныш тилде сөздөрдү кыйкырып жаткан болот.Эми менен Рассел бейтааныш адамга тамак берип, анын сугунуп жегенине таң калышкан. Ал муздаткычта болгон тамак-ашты түгөтөт. Бирок мындай таң калычтуу көрүнүш жана ачкачылыкка эмне себеп болгонун түшүнө алышкан эмес. Ага кошумча бейтааныш киши испан тилинде сүйлөсө, жергиликтүү элдер англис тилинде гана түшүнүшкөн.

Бактыга жараша, кошуна айылда Норвегиядан келген студент кастилиялык диалектти орточо билген. Ошентип, студент сөздөрдүн жана жаңсоолордун жардамы менен Хосе Алваренганын укмуштуу окуясын түшүнөт. Муну уккан Маршалл аралдарынын жашоочулары шок абалда болушат.2012-жылдын күз айынын ортосунда 37 жаштагы балыкчы Хосе өнөктөшү Эсекиль Кордоба менен биргеликте балык уулоо үчүн деңизге чыккан. Бирок сүзүп баратканда алардын кыймылдаткычы бузулуп, андан кийин бороондун айынан кемеге суу кирген. Азыркы заманга бул жөнөкөй эле көрүнүш дечи, бирок бортто заманбап электрондук жабдуу болгон эмес. Ал эми жалгыз рацияга суу кирип кеткендиктен, иштебей калган. Алардын жанында 1,5 литр суу жана бир нече бутерброд болгон.

Кайыкта калак болбогондуктан, балыкчылар өз алдынча жээкке чыга алышкан эмес. Керек болсо, кайда сүзүүнү билбей калышкан. Мексика бийлиги бир-эки күн издегенден кийин, жыйынтык жок токтотушкан. Анын үстүнө тумандын жогорулашы да жоголгон кемени табууга кыйынчылык жараткан.

Экөө ачкадан өлүп калбоо үчүн,  балыктарды жана деңиз куштарын кармап, чийки жеп башташат. Алар өзүлөрүнүн заарасы менен кошо жамгыр суулары колдонушат. Хосенин өнөктөшү - Эсекиель мындай тамактанууга чыдай албай баштайт . Ал ар бир тамактан кийин жүрөгү айланып, убактысынын көбүн уктап өткөрөт. Хосенин айтымында, Кордоба бир күнү  уктаган боюнча ойгонгон эмес. Хосе аны эки күн карап, андан соң деңизге ыргытып жиберет.

Хоседе бир нече жолу өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө ойлор болгон, бирок ал өз жашоосун кыйганга батынган эмес. Бир нече жолу алыстан кемелер сүзүп өтүшкөн, бирок алар океандын фонунда кичинекей кайыкты көргөн эмес. Башка күнү кемелердин бири Хосени байкап калган, бирок алар жөн гана колдорун шаңдуу шилтеп кетип калышкан.

Жалпысынан, байкуш балыкчы 14 ай бою кайыкта болуп, ушул мезгилде 10 миңге жакын чакырымды сүзүп өткөн. Бул окуяга бардыгы эле ишене беришкен эмес, айрыкча Кордобанын жакындары, куткарылган адамды адам жегичтикке айыпташкан. Бирок, полиграфтын колдонулушун камтыган көптөгөн сыноолор, Хосенин айтып бергени чын деп тастыктаган.Куткарылгандан кийин Хосе Альваренга Сальвадорго, өзү туулуп өскөн шаарына кайтып келген. Анан ал мындан ары деңизге чыкпайм деп ант берген.

Кийинки жолу китепти кайталап окуганыңызда же кинону көргөнүңүздө алардын чыныгы окуялар экендигин унутпаңыз.