Сузак районуна караштуу Алчалуу айылында электр түркүктөр жана электр чубалгыларынын эскилиги жетип, авариялык абалга келип калган. Бул тууралуу айыл тургуну "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөткөн.
Электр түркүктөр кулайын деп эле араң турат. Чубалгылар ылдый түшүп калган, жаш балдардын колу жетет. Совет мезгилинен бери алмаштырыла элек. Эмне сөзсүз эле кырсык болгондо гана карашабы? - деп ачууланган окурман.