Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак, Көл-Төр, Коңур-Өлөң айылдарына бара жаткан жол өтө кейиштүү абалда. Азыркы учурда унаа жүргөнгө мүмкүн болбой калган.
Жолубуздун кейпи ушул. Бул жол менен жүргөн унаалардын тетиктери бузулуп, эки күндүн биринде оңдотууга туура келет. Оңдошпосо дагы жок дегенде сүрдүрүп койсо болмок. Көңүл бурган эч ким жок. Качанкыга чейин эл кыйналат?- деген айыл тургуну "Элдик репортего" видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.