Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылында таза суу маселеси чечилбей келет.
Автордун айтымында, бул айыл туристтик аймак, 50-60 түтүн жашайт. Электр жарыгын да өзүбүз тарттырып алганбыз. Кышкысын чай кайнатып иче албайсың. Айыл өкмөткө барсаң жазда чыгат дейт, жазда барсаң күздө дейт. Өкмөт ушул маселебизди оң жагына чечип берсе, - дейт автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.