Караван айыл өкмөтүндөгү сапатсыз төшөлгөн асфальт
Элдик репортер
Караван айыл өкмөтүндөгү сапатсыз төшөлгөн асфальт

Баткен облусунун Караван айыл өкмөтүнүн Жинжиген айыл аймагындагы сапатсыз төшөлгөн асфальт боюнча "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. 

Жергиликтүү тургундардын айтымында, асфальт эл көрсүн деген максатта эле сапатсыз басылып калган. Учурда жол таптакыр жарактан чыгып, кайра оңдоого муктаж абалда турат. Ошол мезгилде Зулпуев Айдар айыл өкмөтү болчу. Мына минтип карапайым эл азабын тартууда. Жергиликтүү бийлик деле көзөмөлгө алып койгон жок, - дейт автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.