COVID-19: 2021-жылдын 4-октябрынан 8-октябрга чейинки статистика
Мультимедиа
COVID-19: 2021-жылдын 4-октябрынан 8-октябрга чейинки статистика

Республикалык штабдын маалыматы боюнча  өлкөдө коронавирус катталган учурлардын саны 179 миңден ашты. 

Соңку бир күндө коронавирус 84 адамдан табылды. Белгилей кетсек, мурдагыдай эле эң көп учур Бишкек шаарында катталган.

2021-жылдын 4-октябрынан 8-октябрга чейин коронавирус катталгандардын, сакайып чыккандардын жана өлүмдөрдүн статистикасы.

Жаңы катталган учурлардын саны

Сакайып чыккандардын саны

COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны

Акыркы беш күндүн ичинде өлкөдө 380 жаңы COVID-19 учуру аныкталып, 402 адам айыгып, 9 адам каза болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда калкты массалык эмдөө иштери жүрүп жатат. Жалпысынан республика боюнча 857 миң 969 адам биринчи дозасы менен, 649 миң 971 адам экинчи дозасы менен эмделген.

Белгилей кетсек, коронавируска каршы жамааттык иммунитетти түзүү үчүн калктын 70% же 2 миллион 180 миң жаранды эмдөө керек.