Республикалык штабдын маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны дээрлик 200 миңге жетти.
Келерки жылы COVID-19 вирусунун төртүнчү толкуну жарыяланышы менен бир убакта Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда «Омикрон» вирусунун жаңы штаммына чалдыккан учурлар аныкталганын жарыялады.
Бирок, акыркы жумада оорунун азайышы байкалып, дарыгерлер коронавирустук инфекциянын туу чокусу өтүп кеткенин айтышууда. Ошентип, соңку бир күндө коронавирус 69 адамдан табылды.
Белгилей кетсек, мурдагыдай эле эң көп учур Бишкек шаарында катталган.
2022-жылдын 7-февралынан 11-февралга чейин коронавирус катталгандардын, сакайып чыккандардын жана өлүмдөрдүн статистикасы.
Жаңы катталган учурлардын саны
Сакайып чыккандардын саны
COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны
Акыркы беш күндүн ичинде өлкөдө 454 жаңы COVID-19 учуру аныкталып, 1523 адам айыгып, 18 адам каза болду.
Белгилей кетсек, «Омикрон» карылар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн эң коркунучтуу.