1-августтан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
1-августтан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлдү

1-августтан тарта өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлдү. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Маянасы көбөйгөн мамлекеттик кызматкерлерге министрликтерде, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө, райондук маанидеги шаар мэрияларында, айыл өкмөттөрүндө иштегендер кирет.