Президенттин жарлыгы менен бир катар судьялар дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин жарлыгы менен бир катар судьялар дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун дарегине Сот адилеттиги боюнча кеңеши Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына беш талапкерди дайындоо боюнча сунуштарды киргизди. Ал эми бир талапкер боюнча анын талапкерлигин кайтарып алуу тууралуу Сот адилеттиги боюнча кеңешине берген арызына байланыштуу, аны жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо сунушу четке кагылды. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык төрт талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. 

Президент Садыр Жапаров төрт талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарды, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди: Жалал-Абад облусу Бекмухаммет Мусурманкулов, Ысык-Көл облусу, Каракол шаардык соту Нурила Каипова жанаТалайбек Эралиев, Жети-Өгүз райондук соту Нуркалый Асаналиев. Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.