Сауд Аравия курамасы Дүйнө чемпионатында сенсация жаратты
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 2022
Сауд Аравия курамасы Дүйнө чемпионатында сенсация жаратты

Дүйнө чемпионатында сенсация жаралды. Сауд Аравия курамасы Аргентинаны 2:1 эсебинде жеңип алды. 10-мүнөттө пенальтини киргизген Лионель Месси “альбиселестени” алдыга чыгарды. Бирок саудиялыктар 2-таймда камбэк жасады.

48-мунөттө Салих аш-Шехри эсепти тең салмаккка алып келсе, Салем аль-Досари 53-мүнөттө команданы алдыга чыгарды. Жыйынтыгында саудиялыктар 3 упай топтоп, С тайпасында 1-орунга көтөрүлдү.

Андан тышкары, Дания – Тунис жана Мексика – Польша оюну болду. Бирок алар жеңүүчүнү аныктай алган жок. Беттештер 0:0 эсебинде аяктады. Ал эми учурдагы чемпиондор Франция курамасы Австралияны 4:1 эсебинде жеңишти.

9-мүнөттө австралиялыктар Крейг Гудвиндин аракети менен алдыга чыкты. Анткени менен Дидье Дешамдын шакирттери 4 гол киргизип, капчыкка 3 упайды салды. Адриен Рабьо жана Килиан Мбаппе бирден гол киргизсе, Оливье Жиру дубльдын автору болду.

Белгилей кетсек, Оливье Жиру Франция курамасы үчүн 51 гол киргизип, мыкты бомбардир Тьерри Анри менен теңеле алды.

23-ноябрда 4 беттеш болот. Саат 16:00дө Марокко Хорватия менен кезигет. 19:00дө Германия жана Жапония курамалары күч сынашса, 22:00дө Испания – Коста-Рика беттешине күбө болобуз. Ал эми 01:00дө Бельгия менен Канада бүгүнкү оюн күнүн жыйынтыктайт. Бардык оюндарды КТРК Спорт жана Улуттук биринчи каналда түз эфирде көрө аласыздар.