Рысбай Исаковдун Гиннесстин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгү Улуттук тарых музейине тапшырылды
Маданият
Рысбай Исаковдун Гиннесстин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгү Улуттук тарых музейине тапшырылды

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун 124 саат тынбай “Манас” айтып, Гиннесстин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгү Улуттук тарых музейине тапшырылды. 

Расмий аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, эл өкүлдөрү жана өнөр адамдары катышып, манасчыга чыгармачылык ийгилик каалашты.