Кылым карыткан "Кыргыз радиосу"
КТРК жаңылыктары
Кылым карыткан "Кыргыз радиосу"

“Кыргыз радиосуна” – 90 жыл. Алгач радио комитет болуп уюшулган. Бул иштин сап башында Сүйүнтбек Бектурсунов, тунгуч музыкалык кызматкерлери Калык Акиев, Петр Шубин, Жумамүдүн Шералиев, алгачкы дикторлор Алиман Жангорозова, Касымалы Бектенов, Сакин Бегматова сындуу залкарлар турган.