Атам куралдаштары менен бирге үч жүзгө жакын кылмышкерди абакка отургузган
Мультимедиа
Атам куралдаштары менен бирге үч жүзгө жакын кылмышкерди  абакка отургузган

Ар бир жылы 20-декабрда чекисттер кесиптик майрамын белгилейт. Көпчүлүк учурда бул кесиптин ээлеринин ишмердүүлүгү көшөгөнүн аркасында жүрөт. Алар өмүрүн тобокелге салып, мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт. Күн сайын чекисттер өлкөнүн коопсуздугу үчүн эмгектенишет. Алардын бири даңазалуу маркум генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов болгон. Азыркы күндө да коомчулуктун басымдуу бөлүгү жогорудагы тарыхый инсан тууралуу кабары жок.

“Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин маалымат катчысы Алмаз Батилов анын уулу Марат менен маектешкен. Ал атасынын өмүр баянынан айрым кызыктуу фактыларды айтып берген. Асанкулов кыргыз чекисттеринин ичинен биринчилерден болуп, СССРдин мамлекеттик коопсуздугунун “Ардактуу кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. Бул кыргыздын чыгаан уулу Советтер Союзунун коопсуздук багытында зор эмгек кылган. Мындан сырткары, ал эгемен КР аскердик чалгындоо кызматынынын пайдубалын түптөп, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо нар көтөргүс иштерди жасаган. Анын Москвада РФ Генштабынын Башкы аскердик чалгын башкармалыгынын музейинде бюсту коюлган, өзүнчө бурчу бар. Ал эми Бишкекте генерал Асанкуловго дале эстелик орнотула элек.

Марат Асанкулов. Москва. 2017-жыл. (Марат Асанкуловдун жеке  архивинен).

Жумабек Асанкулович кандайча мамлекеттик коопсуздук  кызматынын катарына келген?

Атам 1927-жылы 20-февралда Москва районунун Кепер-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Чоң атам Асанкул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болчу. Ал 1943-жылы кан майдандан бутунан оор жарадар болуп келген. Чоң энем Маткый 17 уул жана кыз төрөптүр. Бирок алардын ичинен атам гана аман калыптыр. Ал согуш учурунда колхоздо эсепчи, андан кийин таразачы болуп иштеген. Атам бала кезинде дарыгер же коопсуздук жаатында иштегенди самачу экен. Дал ушул себептен Кыргыз ССРнин Мамлекеттик коопсуздук министрлигине (МКМ) кызмат өтөө жөнүндө арызын жазып, өзү деле ушул кыялым иш-жүзүнө ашарына ишенген эмес элем деп эскерип калар эле. Бирок бул ведомоство анын арызын кабыл алып, элегинен өткөрө баштаптыр. 1946-жылы атам болсо аны билбей эле, Кыргыз Медициналык инстутка тапшырып, өтөт. Бир нече убакыттан кийин аны МКМга чакыртышат. Эгер сиз коопсуздук комитетинде кызмат өтөөнү кааласаңыз, биз сизди кабыл алууга даярбыз деген сунуш беришет. Атам дароо макулдугун берет. Ошол маалда жогорудагы ведомоствонун жетекчилиги улуттук кадрларды өстүрүүгө көңүл бурган. Өзгөчө Кыргыз ССРнин МКМнын биринчи орун басары теги грузин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, контрчалгынчы полковник Шалва Шарашенидзе жергиликтүү кадрларды өстүрүүгө умтулган. Анын демилгеси менен атактуу чекист Эрик Чинетов, атам жана башка кыргыз жаштары коопсуздук министирлигинин катарына өтөт. Ошентип, атам 19 жашынан баштап, өмүрүн мамлекеттин коопсуздугуна арнайт. 1946-жылы августта жетекчилик аны Ташкент шаарынын жанындагы СССРдин мамлекеттик коопсуздук министрлигинин органдарынын аймактар аралык мектебине эки жылдык окууга жиберишет. 1950-жылы бул мектепти ийгиликтүү аяктап, кенже лейтенант наамын алат. Ал Фрунзеге кайтып келип, борбор калаанын МКМнын бөлүмүндө катардагы оперативдик кызматкери болуп карьерасын баштаган. Ал Фрунзенин тери завод жагындагы районунда иштеген. Ошол учурда жумушка велисопед менен барганын эстеп күлүп калчу эле. Анын ишке жөндөмүн байкаган полковник Шарашенидзе чакыртат. Асанкулов сен зиректүү кызматкерсиң. Сенден бирдеме чыгарына ишенем деп Шалва Константинович дароо атамды бөлүмчөнүн жетекчилигине дайындап, атама ага лейтенант даражасын беришкен. Эң кызыгы атамдын кол астында алты подполковник болгон. Булардын баары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери болгондуктан, атамды көпкө чейин тоготпой коюшкан. Бирок атам акыры алардын тилин таап, эриш-аркак иштешип кетет.

1950-жылдардын башында СССРде согуштан кийин  социалдык-экономикалык абал оор эле. Анын үстүнө кылмыштуулук да абдан күчөп  турган убак эле. Жумабек Асанкуловичдин жаштыгы ошол учурга туш келген. Ал  кылмыш дүйнөсүндөгү күрөшкө кандайча катышкан?

Ошол учурда МКМдын кызматкерлери күнүнө он эки сааттан иштечү. Себеби согуштан кийин Советтер Союзу боюнча абал курч эле. Өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абалдан улам кылмыштуулук да күчөгөн. Анын үстүнө кылмышкерлер түн ичинде коммунисттик партиянын, коопсуздук жана милициянын кызматкерлерине кол салышчу. Атам кылмыштуулукка каршы жанын аябай иштеген. Ошондуктан ал жанында такай тапанчасын алып жүрчү экен. Атам көзгө атар мерген болчу. Ташкентте окуп жүргөндө, мылтык атуу боюнча мелдеште экинчи орунду ээлептир. Атамдын айтымында, согуштан кийинки жылдары куралдаштары менен бирге үч жүзгө жакын кылмышкерди абакка отургузган экен. Айрым кылмышкерлер атамды коркутуп үркүтүүгө аракеттенишкен. Жадакалса аны энем менен ажыраштырууга да умтулушкан. Атам Москвада СССРдин Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин (МКК) жогорку мектебинде окуп жүргөн кезде апама кат келет. Анда, Сонунбүбү мен башка бирөөнү сүйүп калдым, экөөбүз ажырашалы деп жазылыптыр. Көрсө атам, түрмөгө отургузган кээ бир кылмышкерлер өч алыш үчүн энеме ушундай кат жазышкан экен.

Ош шаарынын чекисттери, кыргыздын ичинен чыккан алгачкы чалгынчылардын бири Хасан Булатов (сол жактан биринчи). Ош. 1932.(КР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен).

1965-жылы Жумабек Асанкулович Борбордун тапшырмасын  аткарып, кыргызстандык зыяратчылар менен Мекке шаарына барыптыр. Ал эмне  тапшырма менен барган?

Ошол жылы СССРдин жетекчилиги мусулман жарандарына ислам дүйнөсү үчүн ыйык Меккеге ажылыкка барууга уруксат берет. Анда атам Ош облусунун МККнын башкармалыгынын жетекчиси, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаты болчу. Советтер Союзунун атайын кызматы зыяратчылардын арасына ислам динин карманган республикалардын ичинен жети контрчалгынчысын кошот. Ар бирөөнө ар кайсы тапшырма берилет. Легенда боюнча атам кампачы болгон. Белгилей кетчү жагдай бүгүнкү күндө да дүйнө жүзүндөгү бардык чалгын кызматы мындай жашыруун операцияларды жүргүзөт. Атам кесиптештери менен тапшырманы ийгиликтүү аткарышат. Ошол убакта Сауд Аравиясынын атайын кызматында АКШнын контрчалгынчылары иштешчү экен. Советтик зыяратчылар ажылык бүткөн соң Ата Мекенине учарда аэропорттон америкалык офицерлер тоскоолдук кылышат. Бир нече ирет СССРден келген зыяратчыларды учактын жанына келгенде кайрадан аэропортко карай алып кетишип айласын кетиришет. АКШнын контрчалгынчылары булардын арасында советтик чекисттер бар экенин билишкен. Алар жогорудагы ыкма менен СССРдин чекисттеринин айласын кетирип, өз тарабына өтүүгө мажбурлашат. Бирок атам советтик зыяратчылар менен куралдаштарына дем берип, америкалык каршылаштарынын тузагына илиндирбей коёт. Акырында АКШнын контрчалгынчылары аргасыздан СССРдин ажыларына учуп кетүүгө уруксат беришет. Тилекке каршы, Советтер Союзуна кайтып келгенде, атамдын өзбек кесиптеши үч айдан кийин каза болот. Ал эми калгандары ичинен кан өтүп оорушат. Анын айынан көпчүлүгү өмүр бою оорукчан болуп калышат. Ошондо советтик зыяратчыларды ууландырышкан деп атам айтып калар эле. Атам да зыяраттан келген соң өмүрүнүн аягына чейин оорукчан болуп калды. Ошондуктан ал өмүр бою диета кармады. Ал бул эрдиги үчүн кыргыз чекисттеринин ичинен алгачкылардан болуп СССРдин Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин “Ардактуу кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

Орозо Айт намазы. Фрунзе. 1956-жыл. Сүрөттүн автору В. Борисов. (КР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен).

1967-жылы февралда Жумабек Асанкулович Кыргыз ССРнин  МККнын төрагасы болду. Кандайча республиканын тарыхында биринчи жолу коопсуздук  комитетинин жетекчилигине жергиликтүү калктын өкүлү дайындалды?

Ооба. Кыргызстандын гана эмес Советтик Түркстандын тарыхында бул уникалдуу факт. Ал республиканын МККнын Орто Азиянын түпкүлүктүү улуттун ичинен дайындалган биринчи жетекчи эле. Союздук республикаларда мындай көрүнүш сейрек кездешчү. Ошол убакта атам подполковник болчу. Ушул кызматка аны республиканын жетекчиси Турдакун Усубалиев сунуштуган. Атам Москвага барып, СССРдин МККнын жетекчиси генерал-полковник Владимир Семичастный менен жолугат. Ошол эле күнү ага ведомоствонун коллегиясынын чечими менен полковник наамы ыйгарылган. 1968-жылы ага Советтер Союзунун атайын кызматынын атактуу жетекчиси Юрий Андроповдун сунушу менен генерал-майор наамы берилет. Ошондо атам СССРдин МККнын ичинде эң жаш генерал болгон.

Кыргыз ССРнин МККнын төрагасы генерал-майор  Жумабек Асанкулов кесиптештери менен. Фрунзе. 1968-жыл. (Марат Асанкуловдун жеке  архивинен).

Ошол учурда Советтер Союзунун коопсуздук комитетинин абалы  начар эле деп тарыхчылар баса белгилейт. Жумабек Асанкулович ведомоствону ичиндеги  абалды оңдоо үчүн алгачкы кадамдары кандай болду?

Албетте тарыхчылардын жогорудагы пикири абдан туура. СССРдин лидери жана Советтер Союзунун лидери Никита Хрущёв менен МККнын жетекчиси Владимир Семичастный коопсуздук системасында реформа жүргүзөбүз деген шылтоо менен штатты аябай кыскарткан. Анын натыйжасында Кыргыз ССРнин МККнын чалгындоо бөлүмү жоюлган. Анткени 1949-жылы Кытайда бийликке Коммунисттик партия келет. Алар эки державанын ортосунда түбөлүк достук мамиле болот деп ишендирген. Тилекке каршы Пекин менен Москванын ортосунда карым-катнаш айтылгандай болгон жок. Мындай иш-аракеттин натыйжасында чек арада көйгөйлөр жаралды. Андан тышкары антисоветтик кыймылдар күч алды. Ошондуктан атам жоюлган чалгындоо бөлүмүн кайрадан калыбына келтирген. Ал бул бөлүмдүн ишмерделүүгүн өзү көзөмөлдөчү. Кыска убакыттын ичинде ушул бөлүм ишеничти актап, натыйжалуулугун көрсөткөн. Анын жетекчилигинин астында чалгындоо боюнча көптөгөн операциялар иш-жүзүнө ийгиликтүү ашырылган. Атамды кесиптештери аябай сыйлачу. СССРдин атайын кызматынын жетекчилиги атамдын эмгегин жогору баалап, “Кызыл Туу” ордени менен сыйлаган.

Кыргыз ССРнин МККнын төрагасы генерал-майор Жумабек Асанкулов (оң жактан биринчи) кесиптештери менен. Фрунзе. 1970-жыл. (Марат Асанкуловдун жеке  архивинен).

Жумабек Асанкулович үзөңгүлөшү Качкын Саргазаков менен  биргелешип кыргыз интеллегенциясы менен тыгыз кызматташкан экен. Эмне үчүн атаңыз  бул багытка абдан көңүл бурган?

СССРдин лидери Никита Хрущёв СССРдин МККнын 5-башкармалыгын (идеология боюнча) жоюп салган. Мындай иш-чаранын натыйжасында Советтер Союзунун атайын кызматы коомчулуктун ичиндеги процессти жакшы билбей калган. Хрущёв бийликтен кеткенден кийин кайра бул башкармалык калыбына келтириле баштаган. Бул башкармалык илимий жана чыгармачыл интеллегенция менен тил табышууга аракет кыла баштаган. Себеби бул катмар коомдун ичиндеги маанайды өтө жакшы билет. Мындан сырткары алар чет элдик кесиптештери менен ар түрдүү илимий жыйындарда пикир алмашат. Интеллегенциянын көмөгү менен чалгын кызматы баа жеткис маалыматтарды чогултат. Белгилей кетчү жагдай бул катмардын жардамына таянып дүйнө жүзүндөгү бардык атайын кызматтар ишин жүргүзөт. 1967-жылы атам Кыргыз ССРнин МККнын 5-бөлүмүн кайра калыбына келтирген. Атам ушул багытка аябай көңүл бурган. Бирок 1930-1940-жылдары репрессиялардан улам интеллегенция абдан запкы тарткан. 

Кыргыз ССРнин МККнын 5-бөлүмүнүн жетекчиси Качкын Саргазаков (сол жактан биринчи). Каир. 1972-жыл. ( Качкын Саргазаковдун жеке архивинен).

Ошон үчүн алар көпчүлүк учурда МКК менен кызматташуудан сестенген. Интеллегенциянын жүрөгүнө ачкыч тапкан адис керек болчу. 5-бөлүмдүн жетекчилигине атам кызматкерлердин арасынан иргеп отуруп, Качкын Саргазаковду дайындаган. Качкын Саргазакович бул катмардын сырын абдан жакшы билчү. Экөө биргелешип коомчулуктун каймактары менен бат тил табышып, өлкөнүн коопсуздугуна жигердүү иштешкен. Экөө тең эч качан мамлекеттик сырды өз максаттарына пайдаланчу эмес. Дал ушул себептен улам атам менен Качкын Саргазаковичдин интеллегенциянын арасында зоболосу бийик болчу. Атам эч бирөөгө саясий куугунтук жасаган жок жана жалган жалаа менен түрмөгө отургузган эмес.

Кытайлык жазуучу Любацань, белгилүү котормочу жана мамлекеттик ишмер Абулкасым Кангелдиев (оң жактан экинчи), кытайлык акын Эми Сяо, драматург Шүкүрбек Бейшеналиев. Кытай Эл Республикасы. 1959-жыл. (КР Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен).

1978-жылы атам сарай оюндардын натыйжасында Кыргыз ССРнин МККнын төрагалыгынан түшөт. Ошондо ал айрым жашыруун документтерди өзү мештин жанында эки саат туруп өрттөгөнүн айтып берген. Эгерде бул документтер ачыкка чыкканда далай адамдардын тагдырына балта чабылмак. Ошол эле жылы атамды СССРдин атайын кызматынын жетекчиси Юрий Андропов Москвага МККнын Кызыл Туу окуу жайындагы атайын курстун жетекчилигине которот. Бул окуу жайда 11 жыл эмгектенген. 1989-жылы ал Кыргызстанга кайтып, экинчи ирет республиканын МККнын төрагасы болот. Атам улуттук интеллегенцияга каршы куугунтукту токтоткон. 1990-жылы Ош коогалаңын басууга да ат көтөргүс эмгек кылды. 1930-1950 жылдары репрессиянын курмандыктарын актоо үчүн чоң эмгек жасады. Ал Чоң-Таш айылынын жанында саясий репрессияны курмандыктарынын сөөгү коюлган мүрзө изилдөөгө опол тоодой эмгек сиңирди. Ага 1991-жылы 28-январда СССРдин президенти Михаил Горбачёвдун жарлыгы менен генерал-лейтенант наамы ыйгарылган.

Атам көз карандысыз Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскердик чалгындоо башкармалыгынын пайдубалын түптөдү.

Мындан сырткары 1992-1997 жылдары ал КР аскердик чалгынчылар, тынчтык орнотуучу батальон, саясатчылар жана дипломаттары менен биргеликте Тажикстандагы кандуу тирешүүнү токтотуп бейпилдикти орнотууга зор салымын кошкон. Ал эгемен Кыргызстандын аскердик чалгындоо кызматынын негиздөөчүсү полковник Жумалы Кубатов жана элчи Эрик Асаналиев менен биргеликте өлкөнүн аскердик дипломатиясын түптөштү. Атам үзөңгүлөштөрү менен Аскар Акаевге "Өзбекстандын ислам кыймылы" аттуу террордук уюму Кыргызстанга чабуул коёт деген маалыматты беришкен. Бирок Акаев менен Коргоо министрлигинин жетекчилиги бул маалыматка такыр көңүл бөлбөй коюшат.

Кыргызстандын аскердик чалгын кызматынын негиздөөчүсү полковник Жумалы Кубатов (оң жактан экинчи) куралдаштары Таалайбек Садыров, Александр Рубанов жана Александр Болотин менен. Бишкек шаары, Ата-Түрк паркы. 2001-жыл, 15-февраль. (Александр Болотиндин жеке архивинен).

1999-2000 жылдары ал куралдаштары менен эки ирет Баткен коогалаңында Кыргызстандан тыюу салынган “Өзбекстан ислам кыймылынын” террордук уюмунун согушкерлерин Тажикстанга сүрүп чыгарууга активдүү катышат. 1999-жылы атам үзөңгүлөштөрү полковник Кубатов жана дипломат Асаналиев менен биргелешип Тажикстан боюнча тажрыйбасына таянып жогорудагы террордук уюмдун барымтасына алынган төрт япон геологторун жана туткунга түшкөн кыргызстандык жоокерлер менен атуулдарын бошотууда негизги роль ойношкон.

КР Тажикстандагы алгачкы Толук жана Ыйгарым элчиси Эрик Асаналиев (1-катарда оң жактан биринчи). Душанбе. 1998-жыл. (Бакыт Асаналиевдин жеке архивинен).

Ал СССРдин башчысы Юрий Андропов жана СССРдин МККнын жетекчиси Владимир Крючковдун ишенимине жана сый-урматына ээ болгон. Атам байлык менен даңкка жулунган эмес бүт өмүрүн мамлекеттин коопсуздугуна арнады. Кыргызстандан аны карапайым элден тартып аткаминерлерге чейин сыйлаганын көрүп аябай сыймыктангам. Алар атамды чыныгы генерал деп жылуу пикирин айтышчу. Азыркы күндө да аны постсоветтик аймактагы бүт чекисттер жана аскер чалгынчылары абдан сыйлайт. Алардын бири Өзбекстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчиси Ислам Каримовдун оң колу Рустам Иноятов.

Атам эки “Кызыл Туу”, “Эмгек Кызыл Туу”, “Кызыл Жылдыз” “Манас” ордендери жана медалдары менен сыйланган.

Анын Москвада РФ Генштабынын Башкы аскердик чалгын башкармалыгынын музейинде бюсту коюлган, өзүнчө бурчу бар.