
Токмок шаарынын мэри шайланды
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Жыргалбек Шамыралиев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды. Ага шаардык кеңештеги 31 депутаттын баары тең макул деп добуш беришти. Ал эми “Ак” партиясынан мэрликке аттанып жаткан Мырза Жаманбаев өз талапкерлигин алып салды. Т
Шаардык кеңештин бүгүнкү жыйындагы күн тартибинде бир гана маселе каралды. Ал Токмоктун жаңы мэрин шайлоо. Аймактык шайлоо коммисиясына буга чейин эки талапкерден арыз келип түшкөн. Көпчүлүк коалициядан Жыргалбек Шамыралиев көрсөтүлсө, азчылыктан Мырза Жаманбаев мэрликке аттанган болчу. Бирок добуш берүү башталаар алдында Жаманбаев өз талапкерлигин алып салды.
Анткен менен бюллетень күн мурун даярдалып калгандыктан, анда эки талапкердин тең аты кала берди. Добуш берүү жараяны ынтымакта өтүп, Жыргалбек Шамыралиев Токмоктун мэри болуп шайланды. Ага шаардык кеңештеги 31 депуттаттын бардыгы тең макул деп добуш беришти. Жаңы шайланган мэр бул жерде чоочун киши эмес. Төрт жыл бою вице мэр болуп иштеген. Демек иштин көзүн таап иштеп кете алат деп депутаттар ишеним артууда.
Токмок шаары өнөр жайдын очогуна бай. Бирок алардын айрымдары иштебей турат. Жаңы мэр Жыргалбек Шамыралиев эң биринчи дал ушул өнөр жайларды ишке киргизүү аркылуу, шаардын бюджетин көбөйтүүгө аракет кылаарын айтат. Анткени каражат чечилмейин көйгөй чечилбейт дейт ал.
Эскерте кетсек буга чейин 25-майда болгон мэрдин шайлоосу кворум чогулбай калгандыктан өткөн эмес. Буга себеп кеңештеги депутаттар эки жаатка бөлүнүп калган болчу. Эми болсо бир пикирге келишип, Шамыралиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118