
Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө жүргүзгөн 47 борбор ачылды
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты. Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, эмдөө жайлары жарандарды 13-июлдан тарта кабыл ала баштады. Вакцина алгысы келген адамдын жанында паспорту болушу керек. Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат.
Эмдөө жайларынын даректери:
№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10 жана 11-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору;
Ош мамлекеттик университетинин дарылоо пункту;
"Аэропорт" авиашаарчасы;
"Алмалык", "Пятилетка", "Сулайман-Тоо", "Озгур", "Беш-Калпак" ФАПтары;
Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалак айылдарындагы ФАПтар;
Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептер;
Ош шаарынын борбордук базары, "Фрунзе" жана "Келечек" кичи базарлары;
"Глобус", "Фрунзе" дүкөндөрү;
Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада ачылды.