https://www.ktrk.kg/Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат

Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат

15 Июль 2021 , 11:40 715

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Азербайжан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

"Учурда тараптар вакцинаны бардык талаптарга ылайык Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Эске салсак, Кыргызстанда эмдөө 29-мартта башталган. 11-июлдан бери Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат.


Новости по дате