
Кыргызстанда сутка ичинде 18 418 адам коронавируска каршы вакцина алды
15 Июль 2021 , 17:04
1656
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Кыргызстанда сутка ичинде 18 миң 418 адам коронавируска каршы вакцина алса, анын ичинен 1 миң 777сине экинчи дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кыргызстан боюнча жалпы 157 миң 563 адам эмдөөдөн өттү. Ал эми 88 миң 924ү вакцинанын экинчи дозасын алды.
Аймактар боюнча алганда эмдөөдөн өтүп жаткандардын эң көбү Бишкек шаары, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарына тиешелүү.