https://www.ktrk.kg/Каналга айланган Жийде айылынын жолу

Каналга айланган Жийде айылынын жолу

5 Авг 2021 , 15:08 5474

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагындагы Жийде айылына кеткен жол каналга айланып калган. Жолдун акыбалы аябай начар. Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай айылы менен чектешет. Чымбай айылынын жашоочулары үлүш жерлеринин арыктарын такыр тазалабайт, арык көрүнбөй калган, камыш басып кеткен арыкка суу батпай жолго ашып, жолду талкалап жатат. Жергиликтүү бийликтен, район жетекчилеринен суранат элек ушул жолду оңдоп берүүсүн. Дөң-Булак айыл өкмөт башчысы такыр элди укпайт, барсаң кабыл албайт. Мындан 2 жыл мурун да айыл өкмөткө кайрылганыбызда оңдойбуз деп убада берген эле, бирок убадасын аткарган жок,- дейт "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган автор Доолотов Альберт. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18



Новости по дате