https://www.ktrk.kg/Сузак районунда жол оңдоо иштери сапатсыз жүрүүдө

Сузак районунда жол оңдоо иштери сапатсыз жүрүүдө

19 Авг 2021 , 14:27 3743

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кыз-Көл айылында сапатсыз жол оңдоо иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу видео материал келген. 

Автордун билдирүүсү боюнча, мындан 2 ай мурун жолдорду оңдойбуз деп казып даярдап кетишкен. Эми 2 ай өттү, чуңурларга суу, таш толуп калган, ага карабастан үстүнө асфальт төшөп жатышат. Бул жол 1 айга жетпей эле тамтыгы чыгат. Бир гана биздин айылда эмес, жалпы Сузак районунда сапатсыз жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Минтип өкмөттүн акчасын жөн гана коротуп, жол салбай эле коюшпайбы. Эмне кереги бар мунун? Көзөмөлгө алгандар барбы буларды? - деп ачууланган автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате