
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус аныкталды
3 Янв 2022 , 14:05
768
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 39, Ош шаарында – 2 адамдан илдет табылды.
Ал эми бир суткада 44 адам илдеттен сакайып чыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 827 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 947 киши айыгып чыкса, 2 миң 805 адам каза болду.