
Өлкөдө өткөн суткада 247 адамдан коронавирус табылды
7 Янв 2022 , 13:46
995
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Өлкөдө өткөн суткада 247 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 151, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда –39, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда — 18, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылды.
Ал эми бир суткада вирустан 58 бейтап сакайып чыкты. Пандемия башталгандан бери 185 миң 484 киши илдетти жуктурду, алардын ичинен 180 миң 166 адам сакайып чыкты.