
Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинага болгон тартыштык жок
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Учурда вакцинанын 7 түрү жана беш миллиондон ашуун дозасы бар. Алар натыйжалуулугу боюнча айырмаланат. Андыктан жарандар бардык эмдөө пункттарынан каалаган вакцинасын алса болот. Ал эми үчүнчү компонентин 6 айдан кийин гана алуу талапка ылайык.
Европанын бир катар өлкөлөрүндө жайылган коронавирустун “Омикрон” штаммын жуктургандардын саны өсүүдө. Ушул тапта вирустун бул түрү 80 өлкөгө жетти. Ал эми Кыргызстанда “омикрон” менен ооругандар катталган жок. Белгилей кетсек, дүйнөдө коронавирусту 103 миллион адам жуктуруп, 2 миллиондон ашыгы каза тапты.